Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 16-июну №25
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата 2016-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 6551,1 (Алты миллион беш жүз элүү бир миң бир жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан пайдалануу максатында аткарыла турган жумуштардын арасынан, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Тоолос, Тоолос-1 жана Мичурин айылдарына электро жарыктарын орнотуу үчүн бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 140,1 миң сом каралып, 98,4 миң сом акча каражаты жумшалып 41,7 миң сом үнөмдөлүп калган. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дон-Булак-2 айылына электр жарыктарын орнотуу үчүн бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 327,5 миң сом каралып, 293,9 миң сом акча каражаты жумшалып 33,6 миң сом үнөмдөлүп калган. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Боксо-Жол жана Озгоруш айылындагы Эл-Достук кочосуно шагыл тогуу үчүн сметалык көрсөтмөнүн негизинде бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 1977,6 миң сом каралып, 1186,9 миң сом акча каражаты жумшалып, 790,7 миң сом үнөмдөлүп калган. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабыр каналына лоток орнотуу үчүн бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 930,6 мин сом каралып, 719,6 миң сом акча каражаты жумшалып 211,0 миң сом үнөмдөлүп калган. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылынын ички жолдоруна лоток орнотуу үчүн бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен 322,6 мин сом каралып жогорудагы акча каражаты иштетилбей калган. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөрүш айылына электр чубалгыларын тартуу үчүн (ЖБИ) столба алууга 332,5 миң сом каралып, 201,3 миң сом акча каражаты жумшалып 131,2 миң сом үнөмдөлүп калган. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарга столба, кольцо, труба жана плита (плита для мостов) алуу үчүн жогорудагы үнөмдөлгөн жана иштетилбей калган акча каражатынан ЖКХ бөлүмүнүн 31113290 статьясына 1381,0 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Т.Төлөнбаев атындагы орто мектебинин кательный курулуш жумуштарына жана жылытуу ситемасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жогорудагы унөмдөлгөн жана иштетилбей калган акча каражатынан билим-берүү бөлүмүнүн 31113390 статьясына 149,8 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
П.Эсеналиев |