Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы ( VI чакырылыш )
2017-жылдын 16-июну №26
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-январына карата 2016-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 6551,1 (Алты миллион беш жүз элүү бир миң бир жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан пайдалануу максатында аткарыла турган жумуштардын арасынан, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арнап эстелик тургузуу үчүн бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен Айыл чарба болумунун 3111 3390 статьясына 591,5 миң сом каралып, 504,9 миң сом акча каражаты жумшалып 86,6 миң сом үнөмдөлүп калган. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арнап эстелик тургузуудан ашкан акча каражатын, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак-2 айылындагы балдар бакчасын толук капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн үнөмдөлгөн жана иштетилбей калган акча каражатынан балдар бакча бөлүмүнүн 31112390 статьясына 33,3 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
П.Эсеналиев |