Редакцияот 16.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы ( VI чакырылыш )

 

2017-жылдын 16-июну №27

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма участкасындагы жер аянтынын ээси Руслан уулу Арслан турак жай салуу үчүн берилген жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жоо-Алма участкасындагы жер аянтынын ээси Руслан уулу Арслан турак жай салуу үчүн алган жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүп Газ толтуруучу станциясын ачуу боюнча Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 токтомунун 3 бөлүмүнүн негизинде Руслан уулу Арсландын жазган арызын жана элдердин муктаждыгын канаттандыруу, айыл өкмөтүнүн бюджетин көбөйтүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Жоо-Алма участкасындагы Руслан уулу Арсландын № Ч 734507 Мамлекеттик Актысынын негизинде 600 кв метр менчиги болгон жер тилкесине Газ толтуруучу станциясын ачуу үчүн макулдук берилсин.

2. Жер аянтын Мамлекеттик Актысынын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.

3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

 

П.Эсеналиев