ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кеңешинин кезексиз XX сессиясы ( V чакырылыш )
2016-жылдын 14-майы №20/1
Жоош айыл өкмөтүнүн 12.05.2016-ж. №37 «Жоош айыл өкмөтүнүн Ак-Жар, Бирдик айылдарынан 58,57 га кайрак жер аянтын трансформациялоо жөнүндөгү» токтомун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү» токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 22-январындагы №7-б буйругу менен түзүлгөн комиссиянын 2016-жылдын 7-майындагы корутундусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынан жалпысы 39,71 га, анын ичинен № 327 контурунан 15,10 га, № 337 а контурунан 8,60 га, № 338 контурунан 6,40 га, № 14 контурунан 5,77 га, № 18 контурунан 3,84 га, Бирдик айылынан жалпысы 18,86 га, анын ичинен № 830 контурунан 17,0 га, № 962 контурунан 1,86 га , жалпысы Ак-Жар, Бирдик айылдарынан 58,57 га кайрак жер аянты турак жай куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которулсун.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | К.Бердикулов |