Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кеңешинин кезексиз XX сессиясы ( V чакырылыш )
2016-жылдын 14-майы №20/2
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү» токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык, ошондой эле Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 22-январындагы №7-б буйругу менен түзүлгөн комиссиянын 2016-жылдын 7-майындагы корутундусунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынан жалпысы 46,50 га, анын ичинен № 326 контурунан 38,20 га, № 328 контурунан 7,10 га, № 337 контурунан 1,20 га, Бирдик айылынан №961 контурунан 0,86 га, жалпысы 47,36 га жайыт жер аянты турак жай куруу учун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштун жерлери» категориясына которулсун.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | К.Бердикулов |