Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 31-заседаниясы
2016-жылдын 30-апрели № 31/4
Айыл өкмөтүндө 2016-жылга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялоо боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 9-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүндө 2016-жылга айлана чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялоо жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн айылдарындагы көчөлөрдү, жол бойлорун, короолорду тазалоо иштери боюнча ишембиликтерди өткөрүү, калктуу конуштарды жалпы жашылдандыруу, жолдорду жана жол боюндагы кашааларды оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3. Администрациялык имараттарынын тышкы көрүнүшүн тартипке келтирүү, айлана-чөйрөсүнүн абалын жакшыртуу, көрктөндүрүү, көрктөндүрүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, гүлдөрдү олтургузуу боюнча иштерди жүргүзүү жагы мектеп директорлоруна, ФАП башчыларына, балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, агрардык маселелер жана жер боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн башкы жер адисине, айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |
| Айыл өкмөтүндө 2016-жылга айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялоо боюнча
Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү Бегматов Таалайбектин
|
БИЛДИРҮҮСҮ
Айыл өкмөтүндө жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жазгы талаа жумуштары боюнча.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 17-февралындагы «Облустун калктуу конуштарын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык жарыялоо жөнүндөгү» №76-б буйругун аткарууга алган, Алай райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 29-февралындагы №37 буйругун турмушка ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын социалдык-инфраструктуралык түзүмдөрүнүн санитардык абалын иретке келтирип, сапаттык деңгээлин жакшыртуу, мекеме-ишканаларга тиешелүү участокторду жашылдандыруу жана көрктөндүрүү үчүн, айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-мартындагы № 31 буйругу чыгып, калктуу конуштарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча төмөндөгүдөй иштер аткарылды.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектептерде, ФАПтарда, айыл өкмөтүнүн имаратында, балдар бакчасында, китепканаларда ар жума сайын ишембилик өткөрүлүп, санитардык тазалоо иштери жүрүп жатат. Суу жээгиндеги таштандылар тазаланып, айыл арасында 2 тн таштанды тазаланды. Айыл ичинде 11 км. ички арыктар тазаланды.
Жазгы талаа иштери боюнча арпа 25га, жүгөрү 20 га, жашылча 1 га, картошка 60га жерге эгилди.
1-Май айылына 250 түп тал-терек, 50 түп алма, 100 түп өрүк, 150 түп кара жыгач Ж.Орозов атындагы орто мектебине 20 түп терек, 15 түп өрүк, Тогуз-Булак айылына 360 түп тал-терек, 150 түп өрүк, 80 түп алма, 280 түп кара жыгач, жаңгак 50 түп, А.Бекташов атындагы орто мектебине 30 түп терек, 10 түп өрүк, К.Тайчабаров атындагы орто мектебине 50 түп терек, Кен-Жылга айылына 560 түп тал-терек эгилди.
№ | Ишканалардын аттары | Тал-терек | Алма | өрүк | жангак | Кара жыгач | Арча-карагай | Ж .б. |
1 | 1-Май айылы | 250 | 50 | 100 | 20 | 150 | - | - |
2 | Тогуз-Булак айылы | 360 | 80 | 150 | 50 | 280 | - | - |
3 | Кен-Жылга айылы | 560 | 110 | 280 | 105 | 310 | - | - |
4 | Айыл өкмөтүнүн конторасына | 20 | - | - | - | - | - | - |
5 | Ж. Орозов а.о. мектеби | 20 | - | 15 | - | - | - | - |
6 | А.Бекташов а.о.мектеби | 30 | - | 10 | - | - | - | - |
7 | К.Тайчабаров а. орто мектеби | 50 | - | - | - | - | - | - |
8 | Ж.Алимов а. орто мектеби | 60 | - | - | - | - | - | - |
9 | М.Маназаров атындагы негизги мектеби | 80 | - | - | - | - | - | - |
| Жыйынтыгы | 1430 | 240 | 555 | 175 | 740 | - | - |
№ | Иш-чаралардын планы | Айыл өкмөтү боюнча | Эскертүү |
1 | Ишембликке катышкан мекеме-уюмдардын саны | 14 |
|
2 | Катышкан адамдардын саны | 312 |
|
3 | Бак-дарак тигилди: бардыгы, анын ичинен ийне жалбырактуулар (даана) | - |
|
| |||
4 | Ички жана борбордук көчөлөр тазаланды,тротуарлар иретке келтирилип, жолдор ремонттолду (км) | 27 км |
|
5 | Социалдык мекемелер ремонттолуп, акталды, сырдалды, имараттын сырткы келбети, фасады ремонттолду (саны) | - |
|
6 | Айыл ичиндеги тосмолор, кашаалар орнотулду (п.м.) | 312 п.м |
|
7 | Соода дүкөндөрдүн санитардык-гигиеналык абалы жакшырып, иретке келтирилди (тонна,саны) | 8 |
|
8 | Ички арыктар жана каналдар тазаланды | 24 км |
|
9 | Жол боюнда жайгашкан турак-үйлөр ремонттолуп акталды, сырдалды (саны) | 201 |
|
| Башка ишетрдин түрү | 5 |
|
| Аткарылган иштердин болжолдуу наркы (миң сом) | 52 000 сом |
|