Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы ( V чакырылыш )
2016-жылдын 28-июну №21/3-1
Жоош айыл аймагындагы Кызыл-Сарай айылынын тургуну Б.Абдиевдин 03.03.2016-ж., Кызыл-Сарай айылынын тургундарынын 12.05.2016-ж. арыздарын талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХХI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдардын жана мекеме-ишканалардын аттарын өзгөртүүгө тыюу салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан жарыяланган мораторийдин негизинде жогоруда аталган аттарды коюу жагы убактылуу токтотулуп турсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | К.Бердикулов |