Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы ( V чакырылыш )
2016-жылдын 28-июну №21/3-2
Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын МТФ участкасынын жашоочуларынын 08.04.2016-ж. арызын карап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХХI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн Большевик айылынын МТФ участкасынын жашоочуларынын жашаган үйлөрүнүн арка жагынан жол ачуу боюнча маселесинин мыйзамдуулугу Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу, Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыктары аркылуу чечилʏʏсʏ белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | К.Бердикулов |