Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы ( V чакырылыш )
2016-жылдын 27-сентябры №22/1
Жоош айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-июнундагы ХХI-сессиясында кабыл алынган чечимдеринин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышы боюнча Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги XХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айылдык кеңешинин 2016-жылдын 28-июнундагы ХХI-сессиясында кабыл алынган 7 токтомдун баары аткарылгандыгы белгиленсин .
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жоош айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Д.Кошоковага жүктөлсүн.
Төрага | К.Бердикулов |