Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы ( V чакырылыш )
2016-жылдын 27-сентябры №22/3
Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жоош айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү» келишимин карап, талкуулап Жоош айылдык кенешинин кезектеги ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жоош айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү жөнүндөгү» келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | К.Бердикулов |