КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 31-заседаниясы
2016-жылдын 30-апрели № 31/5
Апрель айынын бир жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Айыл өкмөтүндө апрель айынын бир жекшенби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана оңдоп –түзөө иштерин жүргүзүү боюнча Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Апрель айынын акыркы жекшемби күнүн маркумдарды эскерүү күнүн белгилеп ар жыл сайын белгиленип, мүрзөлөрдүн айланасын тазалоо жана Атаке мүрзөсүнө сел тосмосун тосуу жана башка мүрзөлөрдүн айланасын тазалап, оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана Граждандык коом менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянына жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |