Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы ( V чакырылыш )
2016-жылдын 27-сентябры №22/3-3
Жоош айыл өкмөтүнүн алдындагы жайыт комитетинин төрагасы К.Карабаевдин билдирүүсүн карап чыгып Жоош айылдык кеңешинин кезектеги ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жар айылындагы жолдун боюнан ыңгайсыз жерден малдарды эмдөөчү жай куруу үчүн 1,0 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, жерге жайгаштыруу, архитектура, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | К.Бердикулов |