Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы ( V чакырылыш )
2016-жылдын 26-декабры №23/2
Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жыл «Тарых жана маданият жылына» карата аткарылган иштер жана мекеме-ишканаларды жана калкты 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоонун абалы жөнүндө депутат Н.Раманованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жоош айылдык Кеңешинин V-чакырылыш кезектеги XХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн аймагында 2016-жыл «Тарых жана маданият жылына» карата аткарылган иштер жана мекеме-ишканаларды жана калкты 2016-2017-жылдардын күз-кыш мезгилдерине даярдоонун абалы канааттандырарлык белгиленсин .
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | К.Бердикулов |