Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы ( V чакырылыш )
2016-жылдын 26-декабры №23/3-2
Жоош айылдык кеңешинин депутаты К.Эргешованын билдирүүсү боюнча депутат А.Ормонованын билдирүүсүн карап чыгып Жоош айылдык кеңешинин кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2016-жылга каралган бюджетинен “Акылман-Бөбөк” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин санузелин оңдоо боюнча долбооруна “Аялдардын БУУ” тарабынан бөлүнгөн акча каражатын колдоо үчүн 59,4 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | К.Бердикулов |