Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 1-июлу №6/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын «Жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү» 2017-жылдын 22-июнундагы №120 чечиминин негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы №120 чечимине ылайык «Республика Ата-Журт» саясий партиясынан Джакыпов Алмаз Назармаматович Өзгөн шаардык кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын жана анын депутаттык мандаты бекитилсин.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 22-июнундагы №120 чечимине ылайык «Республика Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси боюнча шайланган Абдурасулов Шавкат Мамарасуловичтин өз арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгы эске алынсын.
3. Жаңы шайланган депутат Джакыпов Алмаз Назармаматович Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөсү болуп бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |