Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 1-июлу №6/2
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Купахуновтун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын тазалыгын камсыз кылууда жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жакшыртууда жүргүзүп жаткан иштери эске алынсын.
2. Өзгөн шаарынын мэри С. Пратовко:
- ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытында конкреттүү чараларды көрүү жана шаардын тазалыгын дайыма көзөмөлдөп туруу;
- шаарды абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу;
- менчигинин түрүнө карабастан шаарда жайгашкан мекеме-уюмдардын, ишканалардын территориясынын тазалыгын, аларга тийиштүү жерлердин жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерин дайыма көзөмөлгө алуу;
- альтернативдик ишкана уюштуруунун эффективдүүлүгү боюнча шаардык кеңешке маалымат берүү милдеттендирилсин.
3. «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Х. Ибрагимовко:
- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2017-жылдын 1-сентябрына карата шаардык кеңешке маалымат берүү;
- ишкананын стратегиялык планын иштеп чыгып, кирешени көбөйтүү, ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кожолукка бекитилген тарифти ар тараптан изилдеп карап чыгып конкреттүү сунуштар менен тез арада шаардык кеңешке кайрылуу;
- чарбалык эсеп менен иш жүргүзүүнү тез арада өздөштүрүү, өнбөгөн төлөмдөрдү тез арада өндүрүү жана ишкананы рентабелдүү ишканалардын катарына кошуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү;
- кызматкерлердин аткаруучулук тартибин, иштин натыйжалуулугун камсыздоодо алардын жоопкерчилигин күчөтүү, ишкананын штатын оптималдаштыруу;
- муниципалдык менчиктеги мүлктү жана каражаттарды эффективдүү пайдалануу;
- шаардык кеңештин токтомдорун өз мөөнөтүндө жана так аткаруу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |
«Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасы 2006-жылдын 4-февралында Өзгөн шаардык кеңешинин №13/3 токтомуна ылайык «Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана курулуш иштери боюнча» муниципалдык ишкана аталып, анын уставы бекитилген. Ал эми 2014-жылдын 22-сентябрында Өзгөн шаардык кеңешинин №15/6 токтому менен бүгүнкү күндө иштеп жаткан Уставы бекитилип, ишкананын аты «Көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча» муниципалдык ишканасы деп кайрадан өзгөртүлгөн.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык жана ишкананын Уставы боюнча ишкананын директору шаардык кеңештин сессиясында депутаттардын макулдугу менен шаардын мэри тарабынан дайындалат жана жумуштан бошотулат.
Ал эми калган жооптуу кызматкерлер ишкананын директору тарабынан жумушка кабыл алынат жана бошотулат.
Ишканада жалпысынан 50 жумушчу жана кызматчы эмгектенет. Ар бир адистин, айдоочу, трактористтердин функционалдык милдеттери кадрлар боюнча адистин папкасына тиркелген. Ар биринин эмгек китепчеси бар. Ар бир адис өзүнүн функционалдык милдетин билет.
Ишкананын административдик имаратында «Өзгөн тазасуу муниципалдык ишканасы менен биргелешип жайгашып, «Өзгөн тазалык» ишканасы 4 бөлмөнү ээлеп отурушат. (директордун кабинети, механик жана көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча адис бир бөлмөдө, абоненттерди тейлөө бөлүмү жана акча чогултуучу контролерлор бир бөлмөдө, эсеп кысап бөлүмү, кадрлар бөлүмү жана кассалык бөлүм бир бөлмөдө жайгашкан), кире бериш коридорунда мамлекеттик атрибуттар, калктуу конуштардан катуу таштандыларды ташып алып чыгып кетүү боюнча график, ишкананын иштөө тартиби илинген.
Ишканада иштеп жаткан айдоочу жана трактористтер үчүн 1 бөлмөлүү эс алуу канасы бар. Ал жерде айдоочу, тракторист жана жүктөөчүлөр дем алат жана нооматка (түнү дежур болуп жумушка чыкканы) калгандары түнөп калышат.
Ишкананын уставы мамлекеттик тилде эмес расмий тилде башкача айтканда орус тилинде жазылган экен. Туруктуу комиссия тарабынан Уставты мамлекеттик тилде даярдоо сунушталды.
2016-жылда «Өзгөн тазалык» ишканасы жалпысынан 10 664 579 сомдук кызмат аткарган болсо, анын ичинен 4537408 сомдук кызмат ишкананын өз алдынча чарба жүргүзүүсүнөн, ал эми 6 127 171 сомдук жумуш муниципалдык буюртмаларды аткаруунун эсебинен болуп саналат.
2017-жылдын 1-чейрегинде муниципалдык суроо тапшырмалар боюнча 1 746 774 сомдук жумуш аткарылган, айтып кетчү нерсе мунун ичинен 2017-жылдын 1-февралына карата «Өзгөн тазалык» ишканасына муниципалдык суроо жана талаптар боюнча аткарылган жумуштарга карата, жергиликтүү бюджеттин карызы 358130 сом да 2017-жылга бөлүнүп берилген суммадан төлөнгөн. Ал эми өз алдынча чарба жүргүзүү боюнча 922552 сом киреше алынган.
2016-жылы ишкананын муниципалдык суроо талаптар боюнча аткарылган жумуштарынын сапаты, көлөмү шаардык мэриянын курулуш, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча башкы адиси Иминов З. жана шаардын вице-мэри Атаджанов Р. тарабынан көзөмөлгө алынып, кабыл алынган. Ошол эле мезгилде ишканын куратору Р. Атаджанов болгон, ал эми 2017-жылдын январь, февраль айларындагы жумуштарды жогоруда аталган адис жана вице-мэр көзөмөлдөп кабыл алган, 2017-жылдын март айынан баштап жумушту көзөмөлгө алуу жагы жана кураторлук милдети шаардын 1-вице мэри М. Макешов тарабынан жүрүп жатат.
2016-жылы шаардын калктуу конуштарынан, жалпы пайдалануудагы жайлардан жалпысынан 22204 м3 катуу таштанды ташып чыгарылган болсо, 2016-жылы жалпысынан 1182 рейс суюк чыгынды ташылган. Ал эми 2017-жылдын 1-чейрегинде 132 рейс ташылган.
Атайын таштандыларды таштоочу жайды иретке, тегиздеп туруу боюнча бульдозер 2016-жылы 652 саат иштеген болсо, 2017-жылдын 1-чейрегинде 180 саат иштеген.
2016-жылы шаардык кеңеш тарабынан макулдук берилип, муниципалдык буюртмалар жана көрктөндүрүү жашылдандыруу иштери үчүн жалпысынан 6 100 000 сом бөлүнүп берилген. Мунун ичинен жогоруда аталган көрктөндүрүү жашылдандыруу иштери үчүн негизинен 14 штаттык бирдиктеги көчө тазалоочулардын, шаардын атайын таштандыларды таштоочу жайынын (мусоросвалка) көзөмөлдөөчүсүнүн, көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча инженердин, мезгилдүү иштөөчү 2 багбан менен 1 мураптын жалпысынан эмгек акылары үчүн 1 716 000 сом, ал эми СФ чегерүүлөрү үчүн 296 000 сом жушалган, башкача айтканда аталган 18 штаттык бирдикти кармоо үчүн 2 012 010 сом акча каражаты жумшалган. Ал эми шаардагы көрктөндүрүү жашылдандыруу иштери үчүн башкача айтканда дарактарды санитардык жагынан жаз жана күз мезгилинде кыюу, гүл көчөттөрүн сатып алуу, жумушчуларга атайын кийим, жумуш куралдарын сатып алууга 2016-жылы 537273 сом сарпталынып, жалпысынан шаардын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине 2016-жылы 2549283 сом акча каражаты жумшалган.
2016-жылы «Тулпар» АКуна ишкана ижаралык төлөмдөр үчүн 7 айга январь-июль 154000 сом төлөгөн.
Ал эми 2017-жылдын 1-чейрегинде жогоруда аталган максаттар үчүн 601242 сом жумшалган. Өткөн жыл менен салыштырмалуу көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча штаттык бирдиктер 18 бирдик боюнча калтырылган, айлык эмгек маяналары өзгөрүүсүз калтырылган. Ар бир көчө тазалоочунун бир айлык эмгек акысы 7000 сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми колуна тийиштүү болгону (СФ, киреше салыктарынан сырткары) 5665 сомду түзөт.
Ишкана көрктөндүрүү жашылдандыруу боюнча жумушчу кызматкерлерден тышкары иштеп жаткан эмгек жамааты үчүн 2016-жылы жалпысынан 2 985 528 сом эмгек акы эсептеген, ал эми СФ чегерүүлөрү 432380 сомду түзөт.
Андан сырткары акча чогултуучулардын пайыздык төлөмдөрү үчүн 279656 сом төлөнгөн, алардын СФ чегерүүлөрү 38306 сомду түзгөн.
Ишкананы пайдалануусундагы автоунаалар, тракторлор жана башка техникаларды иштөөлөрү үчүн 2016-жылы жалпысынан 2 568 930 сом акча каражаты сарпталган. Анын ичинен күйүүчү майлоочу материалдарга 1 841 295 сом, тетиктер сатып алуу үчүн 727 635 сом. Ошондой эле 2017-жылдын 1-чейрегинде 401 912 сомго күйүүчү майлоочу материалдар жана 129415 сомго тетик жана шаймандар сатылып алынган.
2016-жыл ичинде жумушчуларды атайын сүт менен камсыз кылуу максатында 229 480 сом, электр энергиясынан пайдалангандык үчүн 38306 сом, өз алдынча чарба жүргүзүүнүн эсебинен 3 пайыздык салык төлөмдөрү үчүн 2016-жылы 102809 сом, 2017-жылдын 1-чейрегинде 26834 сом чегерилип төлөнүп берилген.
2017-жылдын 1-чейрегинде жалпы эсептелинген айлык маяналар 1092528 сомду, СФ чегерүүлөрү 183631 сомду түзгөн.
Каттуу жана суюк чыгындыларды ташып алып кетүү боюнча тарифтердин калькуляциялары акыркы жолу шаардык кеңеш тарабынан 2013-жылдын 5-июнунда өткөн сессияда бекитилген. Бүгүнкү күнгө чейин ошол калькуляция менен иш алып барылат.
Калькуляция боюнча жер үйлөрдө жашап жаткан элдер менен ар бир жанга ай сайын 16 сом, ал эми көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына ай сайын ар бир жанга 14 сом белгиленген.
Шаардын «Сарахсий», «Жаңы Өзгөн» кварталдарынын жашоочулары менен катуу таштандыларды ташып алып кетүү боюнча эч кандай келишим түзүлбөгөн. Ал эми башка калктуу конуштардын элдери менен жарым жартылай, жалпысынан 2017-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча жер үйдө жашоочу 4012 кожолук менен, коммерциялык багытта иштөөчү жеке ишкерлер менен 329 келишим түзүлгөн, юридикалык ишкана, мекемелер менен 35 келишим бар. (тиркеме тиркелет)
Мындан көрүнүп тургандай түзүлгөн келишимдер жалпы калктуу конуштарда жашоочу түтүндөрдүн 50 пайызына туура келет. Бул көрсөткүч бүгүнкү күндө өтө аз болуп эсептелинет.
Ал эми «Жаныбек казы» кварталынын көп кабаттуу үйлөрүнүн жашоочулары ар бир квартира менен эмес, контейнерди алып кетилүүсүнө карап төлөм жүргүзөт экен. Борбор кварталынын көп кабаттуу үйлөрүнүн жашоочуларынан катуу таштандыларды ташып кетүү боюнча 667 жан менен гана келишим түзүлгөн, акча чогултуу жана келишим түзүү начар абалда жүргүзүлүп жаткандыгы көрүлдү. Бул багытта иш жакшы жолго коюлбагандыктан бүгүнкү күндө ишкананын рентабелдүүлүгү төмөн болуп жатат.
Ишкананын пайдалануусунда азыркы учурда жалпысынан 19 техникалык транспорттук каражаттар бар, анын ичинен катуу таштандыларды ташуучу атайын автоунаалар 6, суюк чыгындыларды ташуучу 2, атайын суу себүүчү 2, трактор 5, экскаватор 1, бульдозер 1, «ЖинФУ» үлгүсүндөгү мотороллер 1, «ТАРЗ» үлгүсүндөгү автобус.
«ТАРЗ» автобусу 1980-жылы чыгарылган, толук жараксыз абалда, автобусдун коробкасы эле бар, экскаватор 1990-жылы чыгарылган эскилиги жеткен, бүгүнкү күндө иштебей турат. капиталдык оңдоого муктаж, бульдозер 1980-жылы чыгарылган, эскилиги жеткен, Т-40 трактору 1989-жылы чыгарылган, эскилиги жетип, иштебей турат. (тиркеме тиркелет)
Ишканада аткарылуучу бардык жумуш аталган техникалык каражаттар аркылуу аткарылат. Бүгүнкү күндө техникалардын дээрлик 80 пайызы оңдоолууга муктаж. Айрыкча азыркы күндө экскаваторго муктаждык бар. Шаардын мүлкү болуп эсептелинген техникалык каражаттарды оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын каржылап берүүнү сурап, ишкана 2016-жылдын 12-апрелинде №60 сандуу кат менен мэрияга кайрылган, бул боюнча шаардык мэрия тарабынан жергиликтүү бюджет аркылуу апрель айында 100,0 миң сом акча каражаты каралып берилип, УТО-404 тракторлору толук капиталдык оңдоодон чыгарылган. Ал эми 2017-жылдын 15-мартында ишкана №18 кат менен кайрылган, бирок акча маселеси чечилген эмес. Ошондой эле шаардык кеңешке 2017-жылдын 2-майында №37 кат менен кайрылып, ишканага бир даана экскаватор сатып алууга көмөк көрсөтүү жагы суралып кайрылган, маселе шаардык кеңештин «Бюджет салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын кароосуна берилген,
Ошондой эле 2016-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңешке шаардык мэрия тарабынан «Өзгөн тазалык» ишканасында элге коммуналдык кызмат көрсөтүү даражасын жогорулатуу боюнча бир даана трактор же автоунаа бөлүнүп берилүүсүнө көмөк көрсөтүү үчүн кат жиберилген, кат боюнча шаардык мэрияга экология жана токой чарбасы агенттигинен жооп келип, маселени кароо процедуралары айтылган.
Калктуу конуштардагы катуу таштандыларды ташып алып кетүү боюнча график түзүлгөн. Шаарда аткарылуучу жумуштар менен байланышып, техникалык каражаттар шаар мэриясы тарабынан берилген тапшырмалар боюнча мобилизация кылынып калган учурларда (мыйзамсыз соода сатыктарды жыйнаштыруу, шатер, сахна орнотуу, аларды кайрадан жыйнаштыруу иштери ж.б.) графиктен кечигип калган учурлар болгон.
Шаарда эгилүүчү декоративдик дарактар жыл сайын шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчиктеги мүлктөрдү башкаруу департаменти аркылуу сатылып алынат, бул максаттагы иштерди аткарууда комиссиянын курамына «Өзгөн тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан 2016-2017-жылдары эч ким мүчө болуп кошулган эмес. Ошондой эле канча сатылып алынгандыгы, көгөргөнү, куураганы боюнча аларда маалымат жок.
Шаардын социалдык экономикалык жактан өнүгүү программасына киргизилген иштерди аткарууда жыл сайын көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүүдөн тышкары, өздөрүнүн ой сунуш пикирлери менен катышышпайт. 2016-2017-жылга карата ишкананын жылдык иш планы бар, перспективалык иш-планы жок.
Ишканага кириш болгон, чыгыш болгон иш кагаздарын каттоочу китепче жүргүзүлгөн. 2016-жылы шаардык кеңеш, шаардык мэрия жана мекеме уюмдар тарабынан 66 даана сунуш кат, ал эми жеке жарандардан 77 даана арыз даттанулар катталган. 2017-жылдын 1-чейрегинде шаардык кеңеш, шаардык мэрия жана мекеме уюмдар тарабынан 46 даана кат жана сунуш, ал эми жеке жарандар 126 даана арыз даттанулар менен кайрылышкан. Арыз даттануулардын 95 пайызы тиричилик себебинен убактылуу Россия, Казахстан өлкөлөрүно кетип бараткандыгы үчүн төлөмдөрдү токтотуп коюу менен, ал эми 5 пайызы катуу таштандыларды төгүү үчүн контейнер же суюк чыгындыларды ташып кетүүнү суранган.
2016-жылы шаардык кеңешке, шаардык мэрияга жана мекеме уюмдарга 153 даана, ал эми 2017-жылдын 1-чейрегинде 41 даана кат жиберилген.
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясы чечим кылат:
1. Ишкана чарбалык эсепте иш жүргүзүп жаткандыктан анын эффективдүү иштеши үчүн иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишкананын рентабелдүүлүгүн жогорулатуу боюнча ишти жандандыруу
2. Ишкананын штаттык түзүмүн оптималдаштыруу, көчө тазалоочулардын дислокация боюнча бөлүнгөн территориясындагы иштерин дайыма көзөмөлдөө
3. Муниципалдык менчиктеги мүлктү эффективдүү пайдалануу
4. Шаардык кеңештин токтомдорун өз мөөнөтүндө аткаруу
5. Калктуу конуштардагы эл менен катуу таштандыларды ташып чыгаруу боюнча эки тараптуу келишимдерди толук түзүүдө квартал комитеттери менен тыгыз байланышта иштеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
6. Ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана эскилиги жеткен каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча конкреттүү сунуштар менен мэрияга кайрылуу
7. Таштандыларды мусоросвалкага гана ташып чыгарууну көзөмөлдөө боюнча тийиштүү органдарга кайрылуу сунушталсын.
«Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы | Р. Купахунов |