Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 1-июлу №6/3
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 30-мартындагы №4 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигине караштуу Манас көчөсүндө жайгашкан кургак учукка каршы поликлиникасы пайдаланып жаткан имарат жана 1633.0 м2 жер тилкеси тийиштүү документтери такталып Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде калтырылсын.
2. Мыйзамга ылайык ал жердин тийиштүү документтерди тактоо, даярдоо жана ал жерди максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору Б.Базарбаевке жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |