ТоктомКүчүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин 2017-жылдын 1-июлундагы №6/4 «Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция01.07.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (VI чакырылышы)

 

2017-жылдын 1-июлу № 6/4

Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине ылайык Өзгөн шаар мэриясынын 2017-жылдын 18-майындагы №405 катынын жана Өзгөн шаар мэри С. Пратовтун берген сунушунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Базарбаев Бабамурат Дехканбаевичти - Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору кызматына дайындоого макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаарынын мэри С.Пратовко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Джалилов