Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 1-июлу №6/6
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуукомиссиясынын 2017-жылдын 1-июнундагы отурумунун №3 протоколунун жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 20-апрелиндеги №5 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинде турган Манас көчөсүндө жайгашкан, азыркы учурда КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча башкармалыгынын Өзгөн жана Кара-Кулжа райондор аралык бөлүмү пайдаланып жаткан имарат шаардын муниципалдык менчигинде калтырылсын.
2. Имараттын ремонтуна бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап, мыйзамга ылайык каражат бөлүүнү шаардык кеңешке сунуштоо жагы Өзгөн шаарынын мэри С.Пратовтон суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |