Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 27-сентябры №7/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык күн тартибине киргизилген «Өзгөн шаар мэринин 2017-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндөгү отчету» боюнча Өзгөн шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановдун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда Өзгөн шаар мэринин 2017-жылдын 6 айы ичинде жүргүзгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Отчетту талкуулоонун жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чара түзүү жана анын аткарылышын камсыз кылуу жагы Өзгөн шаар мэрине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |