Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 27-сентябры №7/2
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексине» ылайык «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун 2017-жылдын 29-августундагы отурумунун №3 протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Финансы миң истрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкуловдун отчетун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2017-жылдын 6 айындагы аткарылышы жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Финансы миң истрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Р. Мейматкуловдун отчету сессиянын отурумунун жүрүшүндө айтылган сын-сунуштарды эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн сапаттуу аткарылышын камсыздоо, Кыргыз Республикасынын Каржы миң истрлиги менен бюджеттин киреше бөлүгүн Мыйзамдарда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө тактоо иштерин жүргүзүү жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча ишти дайыма көзөмөлдөп туруу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы миң истрлигинин Өзгөн райондук башкармалыгынын башчысынын орун басары Р.Мейматкуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |