Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 27-сентябры №7/3
Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Купахуновдун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2016-жылда аткарган жана 2017-жылда жүргүзүп жаткан иштери кетирилген кемчилдиктерди эске алуу менен канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Өзгөн шаарынын мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин 2016-жылда аткарган жана 2017-жылда жүргүзүп жаткан иштери боюнча депутаттар тарабынан айтылган сын-пикир, сунуштар жана жол коюлган кемчилдиктерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүүсү Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго тапшырылсын.
3. МММБ департаментинин директору Б. Базарбаевге:
-МММБ департаментинин уставын кайрадан иштеп чыгып, мыйзамдарга ылайык өзгөртүп шаардык кеңешке сунуштоосу;
-титулдук тизмеге кирген иштерди мыйзамдарга ылайык так жана өз мөөнөтүндө аткаруусу;
-МММБ департаментинин толокандуу иш жүргүзүүсүнө керектүү бөлүмдөрдү ачуу боюнча изденүү, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча иштерди көзөмөлгө алуу, декоративдүү дарактарды жана гүл көчөттөрүн өстүрүү боюнча чарбаларды уюштуруу, ишкананын перспективалык иш-планын иштеп чыгуусу;
-ижара тарифтеринин элге жеткиликтүү даражада болушу үчүн, тарифтердин критерийлерин эсепке алып, кайрадан карап чыгуусу;
-муниципалдык мүлк жана жерлерди эффективдүү пайдаланууну, алардан кирешелердин бюджетке толук түшүүсүн көзөмөлдөө, алардын реестрин так жүргүзүү, мамлекеттик актысын толук алуу боюнча иш жүргүзүүсү;
-элден түшкөн арыз-даттанууларга мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө, өз убагында жооп берүүсү;
-шаардык кеңештин токтомдорун өз мөөнөтүндө жана так аткаруусу милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Джалилов |