Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 31-заседаниясы
2016-жылдын 30-апрели № 31/8
Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жыл үчүн малга байланган жайыт акыны бекитүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктуна таянып, жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүп, жалпы жайыттарды пайдалануунун 2016-жылдык планына ылайык Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жыл үчүн малга байланган жайыт акы
бир баш кой-эчкиге 15 сом,
бир баш бодо малга 50 сом,
бир баш жылкыга 60 сом,
айыл өкмөтүндө 7176 баш кой-эчкиге 15 сомдон 107640 сом, 1578 баш бодо малга 50 сомдон 68900 сом, 1641 баш жылкыга 60 сомдон 98460 сом, жалпы жывйынтыгы 275000 сомго бир жылга бекитилсин.
2. 2016-2019-жылдарга жамааттарды башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүүнүн жамаатык планы бекитилсин.
3. Жогоруда малга байланган жайыт акыны өндүрүү жана өндүрүлгөн акча каражатын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыровго милдеттендирилсин.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т.Маназаров |
| БЕКИТЕМИН Корул айылдык кеңешинин төрагасы:_______________Т.Маназаров «30» апрель 2016-ж |
№ | Чыгымдардын статьялары | саны | канча айга | баасы | суммасы |
| А) Жайыт комитетинин чыгымдары |
|
|
|
|
1 | Төраганын эмгек акысы | 1 | 12 | 5000 | 60000 |
2 | Бухгалтер | - | - | - | - |
3 | Ишканадан камсыздандыруу үчүн төлөмдөр-17,25% | 1 | 12 |
| 10350 |
4 | Башка чыгымдар, командировка, жабдыктарды алууга, бөлөк кызматтар, кичи долбоор, телефон, канцелярдык чыгымдар ж.б |
| 12 |
| 33000 |
5 | Жайыт инфраструктурасын жакшыртууга |
| 12 |
| 158243 |
6 | Жайыт комитетинин жалпы чыгымы |
| 12 |
| 103350 |
7 | Жайыт салыгы |
| 12 | 2,29 | 13417 |
| Баары | 1 | 12 |
| 275000 |
Малдын түрү | 1. башка төлөнүүчү сумма (сом) | саны | которуу коэффициенти | шарттуу мал башы | жайыт билет акысы (сом)
|
Кой-эчки | 15-00 | 7176 | 0,05 | 1400 | 107640 |
Жылкы | 60-00 | 1641 | 1,00 | 1681 | 98460 |
Уй-топоз | 50-00 | 1378 | 1,00 | 1359 | 68900 |
Бардыгы |
|
|
|
| 275000 |
Жайыт комитетини төрагасы |
М.Дайирбаев |