Редакцияот 27.09.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы (VI чакырылышы)

 

2017-жылдын 27-сентябры №7/6

Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылга долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык киргизилген маселени угуп жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылга долбоорун тиркемеге ылайык 78729,1 миң сом өлчөмүндө бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Бюджеттин киреше бөлүгүнүн сапаттуу аткарылышын эсепке алуу менен Өзгөн шаарынын бюджетинин 2018-жылга долбоорун Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексине” ылайык белгиленген мөөнөттө Каржы министрлигине берүү Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Джалилов