Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Зергер айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы (V чакырылышы)
2016-жылдын 29-апрели №99
Зергер айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын негизинде Зергер айылынын Шамырат участкасындагы Камчыбеков Дамирбеке жана Кайрат айылынын Күнгөй участкасындагы Чырмашов Алимарданжанга жеке менчик жер участогуна Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схеманы бекитип берүү боюнча арыздарын карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зергер айыл өкмөтүнүн Зергер айылынын Шамырат участкасындагы Камчыбеков Дамирбекке жана Кайрат айылынын Күнгөй участкасындагы Чырмашов Алимарданжанга жеке менчик жер участогуна Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитехтура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасы бекитилсин.
2. Суралсын Өзгөн районунун шаар курулушу жана архитехтура боюнча башкармалыгынан (А.Абдыкеримов )курулуш иштерине тийиштүү иш- кагаздарын даярдап берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Зергер айылдык Кеңешинин жер маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Каракозуевге милдеттедирилсин.
Төрага | Т. Ибраимов |
Зергер айылдык кеңешине
Зергер айыл өкмөтүнөн
СУНУШ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын негизинде Зергер айылынын Шамырат участкасындагы Камчыбеков Дамирбеке жана Кайрат айылынын Күнгөй участкасындагы Чырмашов Алимарданжанга жеке менчик жер участогуна Өзгөн районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан түзүлгөн схемасы мыйзам талаптарына жооп берет жана ушул схеманы бекитип берүүгө сунуш берет.
Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы | Н.Мурзаибраимов |
Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча башкы адиси | М.Каракозуев |