Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов айылдык кеңешинин 15-сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 29-июну №15-3
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 30-май 2017-жылдагы № 01-08/144 буругунун аткаруу максатында Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан сунушталган токтомунун негиз кылып Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-2016-жылдардагы бюджеттик каражаттарды чыгымдоодо максатсыз чыгымдалышы айыл өкмөттүн жана ФЭБнүн башчысы тарабынан болгон. Анткени көзөмөл начар болгондуктан бул нерсеге жол берилген. Ошондуктан максатсыз чыгымдоого жол берилгендиги үчүн оозеки эскертүү берилсин.
2. Келишимдин негизинде аткарылган жумуштардын акысын төлөөдө патенти же камсыздандыруу полис жок болсо, киреше салыгы жана соцфондко болгон төлөмдөрдү өз убагында чегерген квитанциясын каралып отчету алынсын .
3. Балдар бакчаларынын тамак-аш продуктыларына сарпталган акча каражатарынын туура эмес жана нормасында чыгымдалбагандыгы үчүн бала бакчалардын жетекчилерине эскертүү берилсин.
4. Айыл өкмөтүнө караштуу мекеме- ишканалардын электр-энергиясы бекитилген жылдык лимитен ашыкча короткондугу үчүн атайын эсепчи М. Айдаровко катуу сөгүш берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |