Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык кеңешинин 16-сессиясы (VI-чакырылышы)
2017-жылдын 15-июлу №16-5
Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч Дөбө, Жар Коргон, Күнгөй Кожоке, Кожоке, Жаны Базар айылдарындагы жашаган айыл тургундары чоң жолдун жээгине мыйзамсыз дарактарды эгип жана курулуштарды куруп алгандыгына байланыштуу, аларды жолдун өзүнүн өлчөмүнө белгиленген тартибине жараша тазалоо иштери жүргүзүү боюнча айыл аймагына караштуу айыл башчыларына жана участкалык милиция кызматкерлери менен биргеликте тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн айыл кеӊешинин депутаттары төмөнкүдөй токтом кылат
ТОКТОМ
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Чеч Дөбө, Жар Коргон, Күнгөй Кожоке, Кожоке, Жаны Базар айылдарындагы жашаган айыл тургундары чоң жолдун жээгине мыйзамсыз дарактарды эгип жана курулуштарды куруп алгандыгына байланыштуу, аларды жолдун өзүнүн өлчөмүнө белгиленген тартибине жараша тазалоо иштери жүргүзүү боюнча айыл аймагына караштуу айыл башчыларына жана участкалык милиция кызматкерлери менен биргеликте тазалоо иштери 2017- жылдын сентябрь айына чейин жүргүзүлүп, бүткөрүлсүн.
2. Жогоруда көрсөткөн тазалоо иштерине жана токтомдун аткарылышына баш ийбегендер болсо, алар мыйзам чегинде тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кеӊешинин айыл чарба жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Карамоторого тапшырылсын
Төрага | Ж. Нурмаматов |