Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык кеңешинин 16-сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 15-июлу №16-6
Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Күнгөй Кожоке айылынын тургуну Ата Мекендик согуштун катышуучусу II группадагы майып, Чонмурунов Кадыр, айыл кеңешинин депутаттарына жардам сурап, арыз менен кайрылган. Ошол арызды канаттандыруу максатында айыл кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй токтом кылат
ТОКТОМ
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Күнгөй Кожоке айылынын тургуну Ата Мекендик согуштун катышуучусу II группадагы майып, Чонмурунов Кадырга жергиликтүү бюджеттин кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен 120 (бир жүз жыйырма) миң сом акча каражаты ыйгарылып берилсин.
2. Бөлүнүп берилген акча каржатын өз убагында тап берип каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Ботобаевга жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кеңешинин финансы экономика жана соода тармагы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Мамановго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |