Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык кеңешинин 16-сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 15-июлу №16-7
Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кошчан жайлоосуна мал багуу үчүн чыккан Араван районунун жана Н. Исанов айыл аймагынын фермерлерине Кошчан дарыясынын жээктерин жана булактын көздөрүн таза кармап, сактоо үчүн ошондой эле жайытты туура пайдалануу жөнүндө, айыл кеңешинин депутаттары тарабынан комиссиялар түзүлүп, алар жайлоодогу элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жөнүндө айыл кеңешинин депутаттары төмөндөгүдөй токтом кылат.
ТОКТОМ
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Кошчан жайлоосуна чыгып мал баккан Араван районунун жана Н. Исанов айыл аймагынан жайлоого чыккан фермерлерге Кошчан дарыясынын жээктерин жана булактын көздөрүн таза кармап жана ошондой эле жайытты туура пайдаланып иштетүү үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, төмөнкүдөй комиссиянын курамы айыл кеңешинин депутаттарынан түзүлсүн.
• Жолдошов Нургазы
• Карамоторов Жуман
• Сыдыков Маматали
• Жолдошов Асил
• Мамадияров Жаныш
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл кеңешинин айыл чарба жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж. Карамоторого тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |