Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык кеңешинин 16-сессиясы (VI чакырылышы)
2017-жылдын 15-июлу №16-8
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына Беш Арча ЖЧКсынын ишканасынын жетекчиси арыз жазган. Айыл өкмөтүнүн Кичик Алай айылындагы жайытка караштуу 15га жерди мурдатан пайдаланып жүргөн , ошого кошумча 10га жерди убактылуу пайдалануу үчүн арыз менен кайрылган . Ошол арызды айыл кеңешинин депутаттары карап чыгып төмөнкүдөй токтом кылат
ТОКТОМ
1. Н.Исанов атындагы айыл кенеши Н.Исанов айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмеси менен Беш арча ЖЧКсынын ишканасы менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып жайыт пайдалануучулар бирикмесинин уставдарына ылайык 3(үч) тараптуу келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү мамлекеттик мекелемелерден уруксат алуу жагы Беш арча ЖЧКсынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин айыл чарба тоокендери жаратлышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Карамоторовго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |
КЕЛИШИМ №31
Жаңы-Базар айылы | «15» 07 2017ж |
Биз төмөндө келишим түзүп кол коючулар :
1- тарап Н. Исанов айыл аймагынын башчысы Н.Асанов
2- тарап «Беш-Арча» ЖЧКнын директору У.
3- тарап Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы М. Маманов
Келишимдин мазмуну
1. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын Кичи-Алай тараптагы Заккашка-Суу жайлоосундагы эски жолду 15 га жана 10 га жерди убактылуу пайдаланууга берүү тууралуу.
2. Убактылуу пайдаланууга берилген жерди келтирилген зыяндары КРнын мыйзамдарына ылайык экинчи тарап төлөп берет.
3. КРнын мыйзамдарына ылайык пайдаланылган жерге тийиштүү мамлекеттик мекемелерден уруксат алуу жагы «Беш Арча» ЖЧКсына жүктөлсүн.
2.Тараптын укуктары жана милдеттери
2.1. Н. Исанов атындагы айыл аймагындагы Кичи-Алай тараптагы жолду тазалап убактылуу иштетүү үчүн «Беш-Арча» ЖЧК берет жана төмөндөгудөй талаптарды коет.
2.2. КРнын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптары сакталсын.
2.3. Кичи-Алай тараптагы көпүрөлөрдүн жана жолдордун жакшы абалда сакталышын көзөмөлгө алынсын жана жоопкерчиликтүү болсун.
2.4. «Беш-Арча» көмур кенинде иштеген жумушчулардын 30% пайызы, Кашка-Суу айылынын тургундарынан жумушка алынсын.
2.5. Айыл аймагында аз камсыз болгон үй булөлөр үчүн жыл сайын сентябрь айына чейин 200 тонна (БКА) ирик көмүр түшүрүлүп берилсин. Таратуу жаты атайын түзүлгөн комиссияга жүктөлсүн.
2.6. Н. Исанов атындагы айыл аймагынын жайыт комитети КР Өкмөтүнүн 2013- жылдын 13- сентябрь №515 токтомун негиз кылып, жайыт жерди пайдалангандыгы үчүн жылына жайыт комитетине 125 ( бир жүз жыйырма беш) миң сом жылдын биринчи кварталына төлөнүп берүү жагы үчүнчү тарапка жүктөлсүн.
3.Тараптардын жоопкерчилиги.
3.1 .Келишимде көрсөтүлгөн бөлүмдөр аткарылбай калган учурда КРнын мыйзамдарына ылайык айып төлөп берет.
4. Чыр чатакты чечүүнүн жолдору.
4.1. Ар кандай чыр чатактар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
4.2. Келишимдин талаптары бузулган учурда биринчи тарап келишимди жокко чыгарууга укуктуу жана укук коргоо органдарына кайрылат.
5. Келишимдин мөөнөтү.
5.1 .Келишим түзүлүп кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет жана 3 жылга түзүлөт.
6. Келишим кыргыз тилинде түзүлдү.
6.1. Келишим үч нускадан түзүлүп, үчөөсү тең бирдей юридикалык күчкө ээ.
Биринчи тарап: Н.Исанов а/Өкмөтү ИНН.02703199610016 4407091001000564 БИК 440709 Ноокат РСК банк Н.Исанов а/Ө башчысы__________Н.Асанов
| Экинчи тарап: «Беш-Арча» ЖЧКнын директору ______________
|
Үчүнчү тарап: Н.Исанов атындагы айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы __________________М. Маманов
|
|