Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 33-заседаниясы
2016-жылдын 15-июну № 33/1
Маданият үйүнүн директорунун, Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдык китепканаларынын башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 14-пунктуна таянып, маданият үйүнүн директорунун Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдык китепканаларынын жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн директорунун жана Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылындагы китепкана башчылары тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Китепканалардын, маданият үйүнүн ички жана сырткы ремонтторун жакшыртуу, айланасын көрктөндүрүп, жашылдандыруу маданият үйүнүн алдына гүл бакчаларды тигүү, даталуу күндөрдө майрамдык кечелерди уюштуруу маданият үйүнүн директору Тоокебай Абдыкадыровго, китепкана башчылары Асанова Нурилага жана Бекмаматова Махпуратканга милдеттендирилсин.
3. Китеп окурмандарды, мектеп окуучуларын китепканага тартуу жана китепкананы жаңы китеп фонддору менен толуктоо китепкана башчылары Н.Асановага, М.Бекмаматовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламааттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |