Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н. Исанов айылдык кеңешинин 17-сессиясы (VI чакырылыш)
2017-жылдын 28-октябры №17-1
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017- жылдын 9 айлык аткарылган иштери боюнча жана бюджеттен үнөмдөлгөн акчаларды кайра бөлүштүрүү боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башкы эсепчиси М. Ботобаев айыл Кеңешинин депутаттарына маалымат берилди. Аны айыл Кеңешинин депутаттары талкуулап чыгып, төмөнкүдөй токтом кылат
ТОКТОМ
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башкы эсепчиси М. Ботобаевтын 2017- жылдын 9 айлык жүргүзүлүп жаткан иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл Кеңешинин экономика соода финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |