Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң Айылдык кеңешинин II Сессиясы ( VI Чакырылыш )
2017-жылдын 20-январы №4
“Апрель” алтын кенин иштетүүнү токтотуу жөнүндөгү Катраң айыл өкмөтүнүн тургундарынын кайрылуусун талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Келип түшкөн кайрылуудагы маалыматтарды такталсын жана тиешелүү адистердин катышуусу камсыздалып кийинки сессияда каралсын.
2. Тиешелүү адистердин катышуусун камсыз кылуу, керектүү материалдарды тактап келүү айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл чарба, азык-түлүк, жер жана курулуш, жайыт, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Амировго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |