Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң Айылдык кеңешинин кезексиз IV Сессиясы ( VI Чакырылыш )
2017-жылдын 9-февралы №8
Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө” мыйзамынын 6-бөлүмүн эске алуу менен Катраң айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А.Жолдошовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келтирүү максатында жүргүзүлүп жаткан иш чарага ылайык Катраң айыл аймагындагы ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо жеке вет сервистер тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акысы төмөнкүдөй белгиленсин;
Ø Бирканын өздүк наркы ( эки кулагына басылат) 38 (отуз сегиз) сом;
Ø Жеке вет сервистердин кызмат акысы үчүн мал башына 22 (жыйырма эки) сомдон;
2. Мыйзам чегинде жана өз мөөнөтүндө бүткөрүү вет сервистерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Катраң айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |