КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң Айылдык кеңешинин V Сессиясы (VI чакырылыш)
2017-жылдын 20-февралы №11
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентин кайра кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алып Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын уюштуруу-укуктук формасын, ыйгарым укуктарын, милдеттерин жана ишин жөнгө салууну камсыз кылуу максатында Катран айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-августундагы кезексиз XXVIII сессиясынын №28|1токтому менен бекитилген айылдык кеңештин Регламенти өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана Регламентке ылайык иш алып баруу, укук милдеттерин кыйшаюусуз аткаруу ар бир депутаттын милдети экендиги белгиленсин.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |