Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң Айылдык кеңешинин V Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 20-февралы №12
Катраң айыл өкмөтүнүн тургундарынын “Апрель” алтын кенин иштетүүнү токтотуу жөнүндөгү кайрылуусун койгон талаптарын талкуулап , депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен кайрылууну канааттандыруу максатында Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жашоочуларынын талабы жана кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Өзгөрүш айылынын Алмалуу тоосундагы “Апрель” алтын кени Козу-Баглан дарыясынын жээгинде жайланышкандыгын ар кандай зыяндардын (ден соолукка жана экологияга) алдын алуу максатында кенди изилдөө иштерин жүргүзүү жана иштетүү токтотулсун.
3. Айыл аймагында “Апрель” алтын кенин иштетүүгө, пайда көрүүгө кызыктар тараптардын эл менен болуучу жолугушуулары уюштурулбасын.
4. Токтомду аткарууга алуу Катраң айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Полотовго жана жер адис Н.Салимбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |