Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң Айылдык кеңешинин VI Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 24-февралы №13
Катраң айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы, 2017-жылдын бюджетин бекитүү 2018-2019-жылдарга бюджетинин долбоорун Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан берилген контролдук цифра боюнча финансы-экономика бөлүмүнүн Э.Салибаевдин, айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Катраң айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджети 2018-2019-жылдарга бюджетинин долбоору Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилеп Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катраң айыл өкмөтүнүн 2016-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен кошумча респудликалык бюджеттен 1184,8 миң сом каржыланып, жалпы жыл ичиндегибюджет 14773,4 миң сом эсебинде кирешелер менен чыгашалар №1,№2-тиркемелерге ылайык бекитилсин
2. 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашалары менен 13720,9 мин сом суммасында бекитилсин, алардын өлчөмдөрү №3, №4, №5 тиркемелерге ылайык, айыл өкмөтүнө караштуу “Айгул”, “Алтын-Бешик-Катран” балдар бакчасынын ата энелер взносунан (тамак аш үчүн) түшкөн каражаттары айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары катары эсептелинсин жана №6, №7 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашаралы менен 14870,8 мин сом суммасында бекитилсин жана алардын өлчөмдөрү №8 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелери жана чыгашаралы менен 15479,1 мин сом суммасында бекитилсин жана алардын өлчөмдөрү №9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2017-жылга Катран айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгашаларынын 321,4 мин сом жетишпестиктерин кошумча каржылап берүү жагы Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинен суралсын.
6. Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин түзүү булактарында көрсөтүлгөн нормативдеринин негизинде 2017-2018-2019-жылдар үчүн жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашалары № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. 2017-2018-2019-жылдарга Республикалык бюджеттен берилүүчү тендештирүүчү гранттардын өлчөмдөрү каралып, биринчи кезекте корголуучу статьяларга эмгек акы жана социалдык фондго чыгымдала тургандыгы аныкталсын. Алардын өлчөмдөрү №11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Райондук казына бөлүмү аркылуу Катран айыл өкмөтүнүн аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Катран айыл өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин. Катран айыл өкмөтүнүн администрациясына жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүү боюнча иш чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү жагы тапшырылсын.
9. 2017-жылга Катран айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин. Анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (эмгек акы жана социалдык фондго чегерүү, дары дармек жана тамак аш сатып алууга)
10. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Катран айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар, социалдык жактан коргоо женилдиктер жана коргонууга керектелүүчү каражаттар Катран айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылансын.
11. Катран айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылга каржыланбай калган чыгымдары 2017-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
12. Катран айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүүлөр айылдык кенештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
13. Катран айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча 2017-жылдын 1-январына карата жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 50,0 мин сом суммасында белгиленсин.
14. Айыл өкмөтүнүн 2017-жылга каралган бюджети 2017-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
15. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Катран айылдык кенешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |