Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Корул айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын 33-заседаниясы
2016-жылдын 15-июну № 33/3
Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Алмас кызы Жайнагүлдүн жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабрбекова атындагы балдар бакчасынын директору Алмас кызы Жайнагүлдүн жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Алмас кызы Жайнагүлдүн жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык экендиги белгиленсин.
2. Мектеп жашына чейинки бөбөктөр арасында богок, анемия, гепатит, ичеги –карын, ОРВИ жана башка жугуштуу оорулардын катталышына жол бербөө, алардын таралышын кыскартуу боюнча иш-чараларды көрүү жагы ФАП башчыларына жана С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламааттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Корул айылдык кеңешинин төрагасы |
Т. Маназаров |