Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң Айылдык кеңешинин VI Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 24-февралы №19
Катраң айыл аймагындагы чечүүнү талап кылган зарыл көйгөйлөрдү аныктоо жана Лейлек райондук өнүктүрүү фондуна долбоорду сунуш кылуу максатында Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баул айылынын Боз-Дектир жана Чоң-Кыштоо участкаларына баруучу сугат суу арыктарын оңдоо долбоору көйгөйлүү деп табылсын.
2. Аталган долбоор Лейлек райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын жана керектүү документтерин даярдоо жагы инвестиция тартуу боюнча адис С.Баповго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.А.Полотовго тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |