Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 10-апрели №20
Катраң айыл өкмөтүнүн статист-экономисти И.Кадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катраң айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги социалдык маданий обьектилердин сакталышы жана анын максаттуу пайдаланышы боюнча аткарылып жаткан иштер көңүлгө алынсын.
2. Муниципалдык менчиктеги ижара мөөнөтү бүткөн дүкөндөргө жана имараттарга мыйзам чегинде 1 жылдык мөөнөт жана өз максатында пайдалануу талабы менен аукцион өткөрүлүп, келишимдер түзүлсүн.
3. Келишимде көрсөтүлгөн талаптарды сактабаган учурда тиешелүү чаралар көрүлсүн.
4. Ижара акыларын өз убагында төлөтүүнүн жана кетирилген кемчиликтерди жоюунун үстүндө иш алып баруу салык кызматкери К.Ниязалиевге, статист-экономист И.Кадыровго милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткарууга алуу жана көзөмөлдөө Ш.Полотовго тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |