Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 10-апрели №21
Катраң айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдыктары, уюштуруунун жүрүшү жана алдыдагы милдеттери жөнүндөгү иш чарасын карап, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катраң айыл өкмөтүнүн жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүнө даярдыгы канааттындырарлык деп табылсын.
2. Катраң айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын жазгы талаа жумуштарына көрүлүүчү даярдыктары боюнча иш чарасы бекитилсин.
3. Эгиндерди сугат суу менен камсыз кылууда “Тешик” насостук станциясынын жүргүзүп жаткан иштери жана сугат мезгилине карата СПА тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктар көңүлгө алынсын.
4. Иш чарага ылайык иштерди жүргүзүү жер адис Н.Салимбековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |