Редакцияот 10.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII Сессиясы (VI Чакырылыш)

 

2017-жылдын 10-апрели №22

Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Жетимишов Кабыл Абдиевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана 2016-жылдын 12-декабрындагы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго ылайык кийинки көп добуш алган талапкерге депутаттык ыйгарым укуктарды ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө негиз депутаттык ыйгарым укугунан ажыратуу жана ушул эле мыйзамдын 52-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-бөлүмчөсүнө негиз 2016-жылдын 12-декабрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколго ылайык, кийинки көп добуш алган талапкерлерди аныктоо максатында Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаты Жетимишов Кабыл Абдиевич башка жумушка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Токтомду бекитип берүү жагы Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Төрага

Бөрүбаев С.Ж.