Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 10-апрели №23
Катраң айылынын Таш-Короо участкасынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2017-жылдын 4-мартындагы токтомун карап Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Короо участкасынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2017-жылдын 4-мартындагы токтому бекитилсин.
2. Катраң айылындагы Таш-Короо участкасынын аталышы “Келечек“ жаңы конушу деп өзгөртүлсүн.
3. Аталаган жаңы конуштагы негизги көчөгө Абытжан Алимовдун ысымы берилсин.
4. Жаңы конуштун атын өзгөртүү жана көчөгө ысым берүү боюнча тиешелүү документ иштерин толугу менен аткаруу айыл башчы Р.Муратовго жана айылдык кеңештин депутаты Т.Алимовго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катраң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.М. Сайдуллаевге тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |