Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 10-апрели №25
“Катыраң” орто мектебинин жана “Өзгөрүш” орто мектебинен келип түшкөн кайрылууларын карап райондук, облустук жана республикалык кароо сынактарга катышып айыл өкмөтүнүн атын чыгарып жүргөн таланттуу жаштарга стимул катары демөөрчүлүк колдоо көрсөтүү максатында Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катыраң” орто мектебинин жана “Өзгөрүш”орто мектебинин кайрылуулары канааттандырылсын.
2. Бишкек шаарына барып сынакка катышып келүүсү үчүн “Катыраң” орто мектебинин окуучусу Кудайберди кызы Тахминага 10000 (он миң) сом жана Исфана шаарына барып келүү үчүн “Өзгөрүш” орто мектебинин окуучуларынын жол чыгымына 1000 (миң) сом акчалай колдоо көрсөтүлсүн.
3. Керектүү акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2721 3100 статьясынан бөлүнүп берилсин, камсыздоо жагы ФЭБнүн башчысы Э.Салибаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Дүйшөевге тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |