Загрузка документа…
КАТРАҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Катраң айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 10-апрели №26
Катраң айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2017-жылдын 3-мартындагы токтомун карап Катран айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катран айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун 2017-жылдын 3-мартындагы токтому бекитилсин.
2. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жакып Абдалиевдин ысымы өзү жашап өткөн көчөгө берилсин.
3. Көчөгө ысым берүү боюнча тиешелүү документ иштерин толугу менен аткаруу айыл башчы С. Каримовго жана айылдык кеңештин депутаты А. Таштемировго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катраң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.М. Сайдуллаевге тапшырылсын.
Төрага | Бөрүбаев С.Ж. |