Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак Сай айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 29-сентябры №5
Айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандарды мобилдик байланыш менен камсыздоо максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезексиз ХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айылынын Кондитердик фабрикасынын аймагынан 36кв.м., 30м.кв. жер аянты жана айыл өкмөтүнүн кеңсесинин короосунан 20 кв.м. жер аянты байланыш антенналарын орнотууга аукцион аркылуу ижарага берилсин.
2. Жер тилкелерин аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Анаров |