Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак Сай айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 29-сентябры №6
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын м.а. А.Катабековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бекитилген бюджетине кошумча 240,0 миң сом киреше түшкөн байланыштуу төмөнкү статьяларга “Өзгөчө кырдаалдар” 282411-статьясына 100,0 миң сом, Миң-Булак мектебинин ремонт иштерине 2221-статьясына 60,0 миң сом, Көк-Таш спорт залына эмерек алууга 2215-статьясына 40,0 миң сом, айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемелерине 2215-статьясына 40 миң сом жылдырылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Каттабековго милдеттендирилсин жана аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Анаров |