Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак Сай айылдык кеңешинин кезектеги XII сессиясы (IV чакырылыш)
2017-жылдын 29-сентябры №7
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-матындагы№21, 2017-жылдын 01-июлундагы №95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жогорулатуу ошондой эле автоунаага май куйуучу бекет куруу максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Сай-Баткен авто жолунун күн батыш тарабындагы №721 контурундагы 0,20га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлүн.
Төрага | С.Анаров |