Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин кезектеги XX Сессиясы (VI Чакырылыш)
2017-жылдын 9-июну №18
Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан жайыт комитети тарабынан суралган техникалык жардамдагы 350 000 (үч жүз элүү миң) сомго 440 500 (төрт жүз кырк миң беш жүз) жалпы 790 000 (жети жүз токсон миң) сом бөлүнүп жана жайыт комитети тарабынан башталаган проектилердин чыгымдары айыл өкмөтү тарабынан каржылансын.
2. Кара-Жыгач айылына киси фудболдук стадион куруу үчүн 1 544 552(бир миллион беш жүз кырк төрт миң беш жүз элүү эки) сом акча каражаты каралсын жана тиешелүү проектилерин даярдоого керектелген 103 000 (бир жүз үч миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы курулган таштанды таштоочу жайлардын кошумча аткарылган иштери үчүн 42 500 (кырк эки миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | М.Курмушуев |