Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-ноябры №VIII-2
Ноокат шаар аймагындагы “Балапан” балдар бакчасы пайдалануучу трансформатор алыс жайгашкандыгына байланыштуу жабык түрдөгү кабелди 400 метр аралыктан тарттыруу, электр эсептегич, рубильник жана эки автомат орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар аймагындагы “Балапан” балдар бакчасына электр жабдыктарды орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 2017-жылдын 9-айын жыйынтыгы менен ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен 40 200 (кырк миң эки жүз) сом ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |